Түркия Украина кризисин тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Украина, Орусия жана Америка Кошмо Штаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен мүмкүн болгон сүйлөшүүлөр үчүн идеалдуу аянтча болуп саналат.
Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада украиналык кесиптеши Владимир Зеленский менен биргелешкен маалымат жыйынында билдирди.
Эрдоган Зеленский менен жолугушууда Түркиянын сүйлөшүү процессин туруктуу тынчтык менен аяктоо үчүн ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Президент Эрдоган Орусия менен Украинанын ортосундагы “көптөгөн бейкүнөө адамдардын өлүмүнө жана эбегейсиз кыйроолорго алып келген” согушту токтотуу зарылдыгын айтты. «Тынчтыкка жетишүүдө эч ким утулган жок, азыр бүткүл дүйнөлүк коомчулук Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта тынчтыкка жетишүүнү күтүп жатат», — деп белгиледи Эрдоган.
Төртүнчү жылы болуп жаткан Орусия-Украина согушунда көптөгөн адамдардын каза болгондугуна байланыштуу украин элине көңүл айткан президент Эрдоган, Зеленскийдин сапары Украинадагы согуштун фундаменталдуу динамикасы олуттуу өзгөрүүгө даяр болуп турган учурга келгенин белгиледи.
