Воскресенье, 7 декабря

Израилдин кол салууларынан Газада 48 миң 297 адам өлдү

0

Израиль армиясынын 15 айдан ашуун убакыттан бери кол салууларынан кийин ок атышпоо келишими түзүлгөн Газа тилкесинде каза болгон палестиналыктардын саны 48 миң 297ге жетти.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Израилдин кол салууларында каза болгондордун жана жаралангандардын санына байланыштуу жаңы маалыматтар бөлүшүлдү.

Акыркы 24 саатта 6 палестиналыктын сөөгүнүн ооруканаларга жеткирилгени, экөөнүн урандылардын астынан куткарылганы, биринин мурунку кол салууларда оор жараланып каза болгондугу жана акыркы кол салууларда үчөөнүн каза болгондугу билдирилди. Жабыркаган 11 адамдын ооруканага жеткирилгени маалым болду.

Билдирүүдө Израилдин кол салууларында каза болгон жана 2023-жылдын 7-октябрынан бери сөөктөрү ооруканаларга жеткирилген палестиналыктардын саны 48 миң 297ге, жаралуулардын саны 111 миң 733кө жеткени белгиленди.

Урандылардын астында жана жол жээктеринде  көп сандаган сөөктүне бар экени, жарандык коргонуу топторунун урандылардын астындагыларга жетүү үчүн аракеттерин улантып жатканы маалымдалды.

Өкмөттүн Газадагы медиа кеңсесинин башчысы Саламе Маруф 2-февралда 14 миңден ашуун палестиналыктын урандылардын астында жок болгондугун айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз