Күн мурун Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Буллингге жол жок” аталышында форум өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, форум Кыргызстандын мектептеринде окуучулар үчүн коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө, окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана диний чыр-чатактардын, басмырлоонун, экстремизмдин, терроризмдин жана зомбулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алууга багытталган.
Спикерлер мектептердеги укук бузуулар жана бейбаштык боюнча мыйзамдагы чаралар, тыюу салынган уюмдар, синтетикалык баңгизаттар, онлайн мейкиндиктеги жалдоо иш-аракеттерине, ошондой эле экстремисттик иштерге аралашуудан жаштарды коргоо чаралары жөнүндө кеңири маалыматтарды беришти.
Форумдун катышуучулары билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин зомбулукту же укук бузуулар боюнча фактыларды жаап-жашырбоого чакырышты.
Муну менен катар, Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын артисттери мектеп рэкетчилигин чагылдырган чакан театралдык оюн көрсөтүштү.