Президент Садыр Жапаров 7 райондун акимдерин кызматтан бошотту.
Президенттин чечимине ылайык, төмөнкүлөр ээлеген кызматтарынан бошотулду:
— Ош облусунун Ноокат районунун акими Субагожоев Жакыпбек Мойдунович;
— Баткен облусунун Баткен районунун акими Жоробаев Учкунбек Имамалиевич;
— Базар-Коргон районунун акими Карагулов Мирлан Кынатбекович;
— Ак-Суу районунун акими Насиров Мунарбек Жумабаевич;
— Араван акими Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович;
— Талас облусунун Манас районунун акими Жээнбеков Досмамбет Аматович;
— Талас районунун акими Нармырзаев Нургазы Жакыпович.
Эске салсак, бүгүн 21-февралда «Ынтымак-Ордодо» өткөн президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунун жыйынтыгында бир катар катаал чечимдер кабыл алынып, аталган райондордун жетекчилерин кызматтан алуу сунушу президенттин кароосуна киргизилген.
