Суббота, 18 апреля

Быйыл сугат суу жетиштүү болобу? Министрликтин жообу

0

Кыргызстанда сугат суусу былтыркыга караганда көбүрөөк топтолду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, ирригация багытындагы бардык 498 даана суу кампаларынын долбоордук көлөмү – 1,8 млрд м3 болсо, учурда топтолгон суунун көлөмү – 1,5 млрд м3 түзүп, өткөн жылга караганда 41 млн м3 жогору болууда. 2025-жылга карата 1 млн 22 миң га сугат жерлерин орточо 4-5 жолу  сугарууга 7,4 млрд м3 суу берүү пландалды. 2025-жылдын сугат мезгилиндеги суунун жетишсиздигин жөнгө салуу максатында 2024-жылы министрлик тараптан 626,0 км чарба аралык каналдарда калыбына келтирүү иштери аткарылды.

Анын ичинен 93,3 км – оңдоо, 32,7 км – бетондоо, 500,0 км механикалык жол менен тазаланып, 596 гидротехникалык курулмалар, 250 суу өлчөөчү посттор, 115 насостук станциялар, 221 насостук агрегаттарда оңдоп-түзөө иштери аткарылып, 30 насостук агрегат жаңыланып, 11 суу топтоочу курулмаларда жана 150,0 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык жол менен тазалоо иштери аткарылып, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмасына өтүү максатында 1484 га сугат аянттарына аталган ыкманы уюштуруу иштери аткарылууда.

2025-жылдын сугат мезгилине даярдоо үчүн 51 даана ар түрдүү экскаваторлор, 11 даана бульдозер, 8 даана автокран, 42 даана чоң жүк көтөрүүчү автоунаа, 40 даана жеңил жүк көтөрүүчү автоунаа жана 51 даана фронталдык жүктөгүч атайын техникалар иштеп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз