Өзбекстанда Нооруз майрамы 2025-жылы “Баалуулугуң түбөлүк болсун, Нооруз!” деген ураан астында белгиленет. Бул тууралуу президенттин тиешелүү жарлыгында айтылат, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.
Шавкат Мирзиёев майрамды улуттук баалуулуктарга жана каада-салттарга, жүргүзүлүп жаткан реформалардын маани-маңызына ылайык өткөрүү керектигин баса белгиледи.
Президент жаратылыштын ойгонушун, адамдын курчап турган дүйнө менен гармониясын, туулган жерге болгон сүйүүсүн жана бейпил жашоого ыраазычылыгын билдирген майрамдык иш-чараларды уюштурууну тапшырды. Демократиялык реформалар менен коомдогу оң өзгөрүүлөрдүн ортосундагы байланышты Нооруз майрамынын гуманисттик баалуулуктары жана салттары менен чагылдырууга өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылат.
2025-жылы Нооруз ыйык Рамазан айына туш келет. Ушундан улам, өзгөчө көңүл Улуу Ата Мекендик согуштун, эмгек фронтунун ардагерлерине жана муктаж болгондорго, анын ичинде мээримдүүлүк үйлөрүнүн жашоочуларына бурулат. Аларга майрамдык дасторкон жайылып, кайрымдуулук акциялары уюштурулуушу каралган.
Ири масштабдуу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иш-чаралары, бардык аймактарда жалпы республикалык ашарлар, ошондой эле жарманкелер, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, улуттук спорт түрлөрү боюнча мелдештер жана гастрономиялык фестивалдар өткөрүлөт. Майрам өлкөнүн маданий көп түрдүүлүгүн көрсөтүп, түрдүү элдердин каада-салттарын, үрп-адаттарын көрсөтөт.