Анкара Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга мүмкүн болгон салымын кошууга даяр.
Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Анкарада орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен биргелешкен маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Түркия Украинага коопсуздук кепилдигин берүү маселесин да тыкыр көзөмөлгө алууда. Ал: «Коопсуздук кепилдиги жана башка маселелер АКШ менен Орусия ортосундагы акыркы күндөрү сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде болгон, биз да кылдат байкоо жүргүзүп жаткан маселелер. Негизи Түркия тынчтыкка жетишүүгө салым кошо турган бардык кадамдарды жасоого даяр», — деди.
Фидан Анкара АКШнын Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча жаңы демилгесине өзгөчө маани берерин белгилеп, аны жыйынтыкка багытталган мамиле катары баалай турганын белгиледи. «Бул биздин согуш башталгандан бери жүргүзүлүп келе жаткан саясатыбызга ылайык келет. Биз АКШнын жаңы демилгесине натыйжага багытталган мамиле катары чоң маани беребиз», — деди ал.
Фидан белгилегендей, Украина кризисин жөнгө салуу, жаңжалга катышкан эки тараптын тең катышуусу менен сүйлөшүүлөр аркылуу ишке ашырса болот. «Ушул алкакта биз сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтыкты орнотууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз», — деди ал.
