Сириянын борбор шаары Дамаскта 600дөн ашуун делегаттын катышуусу менен Улуттук диалог конференциясы башталды.
«Куралды бир колго, тактап айтканда мамлекеттин колунда топтоо — бул жыргалчылык эмес, зарылчылык жана милдет», — деди Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа Эл сарайында (мамлекет башчынын резиденциясы) «Сириянын улуттук диалогу» тарыхый конференциясынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө.
Сирия башынан өткөргөн азап жана кыйынчылыктарга токтолгон Аль-Шараа өлкөнү кайра курууда биримдиктин жана биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Сирия айыгуусу үчүн сиздерди биригүүгө жана чогуу аракеттенүүгө чакырабыз», — деди мамлекет башчысы.
Аль-Шараа Сирия эли өз милдеттерин аткарып, мекени үчүн жоопкерчиликти алышы керектигин эскертти. «Сирия сизге ишенет. Сиз дагы анын көңүлүн калтырбайсыз, аны коргоо жана жандандыруу үчүн бардык күчүңүздү аябайсыз деп ишенем», — деп белгиледи мамлекет башчысы.
Тышкы иштер министри Асад Хасан Шайбани болсо, Сирия Араб Республикасы өзүнө каршы салынган санкцияларды алып салуу жана жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү ачуу үчүн аракет кылып жатат деди. Ал: «Биз эгемендүүлүгүбүзгө жана иденттүүлүгүбүзгө кол салууга жол бербейбиз. Бизди колдогондор менен мамиле түзүүгө даярбыз жана ошол эле учурда элибиздин эркин урматтагандар менен диалогго ачык бойдон кала беребиз”, — деди.
Конференциянын жыйынтыгы кеңеш берүүчү мүнөздө болот жана өлкөнүн жаңы жетекчилиги үчүн милдеттүү болбойт.
Конференцияга даярдык көрүү боюнча 30дан ашык жолугушуу өткөрүлдү.
Даярдоо комитети конференцияга чейин өлкөнүн ар турдуу провинцияларында 30дан ашык жолугушууларды өткөрдү.
