Воскресенье, 6 апреля

«Казарман» ГЭСинин курулушуна түркиялык компания акча которо баштады

0

«Казарман ГЭС каскадын куруу» долбоору боюнча алгачкы түркиялык компания алгачкы 11 млн сомду казынага которду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Энергетика министри Таалайбек Ибраев «Орто Азиялык инвестициялык Холдинг» ААКтын башкы директору Орен Ахмет Мюжахид менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда 912 МВттык “Казарман ГЭС каскадын куруу” долбоору боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты. Негизинен Казарман ГЭС каскады Нарын дарыясында жайгашып, курамында 4 ГЭС бар.

«Орто Азиялык инвестициялык Холдинг» ААК компаниясы каскаддын 3 ГЭСин курууга кызыктар. Алар:
Ала-Буга ГЭСи — 600 МВт
Кара-Булуң-1 ГЭСи -149 МВт
Кара-Булуң-2 ГЭСи -163 МВ

Белгилей кетсек, жалпы ГЭСтин орточо жылдык өндүрүшү 3746,3 млн кВт саатты түзөт.

Бүгүнкү күндө «Орто Азиялык инвестициялык Холдинг» ААК компаниясы Казарман ГЭС каскадын куруу үчүн 11 млн сом акча каражатын казынага которгону маалым болду.

Жолугушууда тараптар жалпы кубаттуулугу 912 МВт болгон Казарман ГЭС каскадын куруу долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө протоколго кол коюшту. Аталган документке Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев жана «Орто Азиялык инвестициялык Холдинг» ААК компаниясынын башкы директору Орен Ахмет Мюжахид кол койду.

Документ долбоорду ишке ашыруу жөнүндө Инвестициялык макулдашууну иштеп чыгууга, документацияны жана долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга багытталган.

Мындан тышкары энергетика министри менен аталган компаниянын башкы директору 250 МВттык Бишкек ЖЭБ-2 газ станциясын куруу долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Долбоорду ишке киргизүү мөөнөтү 2-4 жыл. Долбоордун бюджети 443 млн АКШ долларын түзөт.

Ошондой эле аталган компания ЖЭБ-2 газ станциясын куруу үчүн 3 миллиард сомдун тегерегинде инвестиция кылаарын билдирди.

Эске салсак, Бишкектеги ЖЭБ-2нин курулушу — өлкөнүн энергетикалык кубаттуулугун жогорулатууга багытталган стратегиялык инфраструктуралык долбоор болуп эсептелет.

Буга чейин, 2024-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Орто Азиялык инвестициялык Холдинг» ААК ортосунда Инвестициялык келишимге кол коюлган.

Энергетика министри Т.Ибраев компаниянын башкы директору Орен Ахмет Мюжахид Бишкек ЖЭБ-2нин Техникалык экономикалык негиздемесин 3 айдын аралыгында бүткөрүүнү жана долбоорду тез ишке ашырууну сунуштады.

«Энергия менен камсыз кылууда гидроэлектростанциялар негизги ролду ойнойт. Нарын дарыясындагы Казарман каскады – аймактагы электр энергиясын өндүрүүнү бир топ жогорулата турган келечектүү долбоор. Эгерде ГЭС курулса, мамлекеттин казынасына салык төлөнүп, жергиликтүү тургундар жумуш орун менен камсыз болот»,-деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз