ХАМАС кыймылы Израилдин Газа тилкесине кирип жаткан гуманитардык жардамды бөгөттөө чечимин кескин айыптады.
Уюм Тель-Авивдин аракеттерин согуш кылмышы жана ок атышууну токтотуу келишимине олуттуу сокку деп атады.
«Нетаньяхунун гуманитардык жардамды токтотуу чечими арзан шантаж, согуш кылмышы жана келишимге олуттуу сокку болду», — деп айтылат Хамас билдирүүсүндө.
Хамас ортомчу өлкөлөрдү жана эл аралык коомчулукту “баскынчыларга кысым көрсөтүүгө жана Газа тилкесиндеги 2 миллиондон ашык адамга каршы жасалып жаткан кылмыш аракеттерди токтотуу үчүн чара көрүүгө” чакырды.
Жекшембиде Израил Газа тилкесине гуманитардык жардамдын кирүүсүн токтотту. Бул тууралуу Израилдин премьер-министринин кеңсесинин билдирүүсүндө айтылат.
