Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн ашууларындагы абал тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Аймакты караган “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат. Каттам бар.
Белгилей кетсек, буга чейин Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө азырынча күчүндө турат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.
