Сириянын президенти Ахмед аш-Шара 6-7-мартта Латакияда болгон окуяларды иликтөө үчүн көз карандысыз мамлекеттик иликтөө комиссиясы түзүлгөнүн жарыялады.
Сириянын президенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Латакиядагы окуяларды бардык майда-чүйдөсүнө чейин иликтеп, жооптууларды аныктоо үчүн жети кишиден турган көз карандысыз комиссиянын түзүлгөнү белгиленди.
Көз карандысыз мамлекеттик комиссияга окуянын себептерин жана өнүгүшүн иликтөө, карапайым калкка каршы мыйзам бузууларды иликтөө жана күнөөлүүлөрдү аныктоо, мамлекеттик мекемелерге, күч түзүмдөрүнө жана армияга кол салууларды иликтөө милдети жүктөлгөн.
Комиссия зарыл болгон учурда эксперттерден жардам алууга укуктуу. Бардык мамлекеттик органдар аны менен толук кызматташууга тийиш.
Тергөө комиссиясы 30 күндүн ичинде окуялар боюнча кеңири отчетту бүтүрүп, Сириянын президентине сунуштайт.