Пятница, 24 апреля

Пакистанда барымтага алынган поездден 190 адам куткарылды

0

Пакистандын коопсуздук күчтөрү өлкөнүн түштүк-батышындагы Белужистан провинциясында куралчан адамдар барымтага алган поезддеги 450дөй адамдын 190ун куткарды.

Коопсуздук булактарынын айтымында, аскерлер менен атышууда 30 согушкер жок кылынды. Кол салгандардын айрымдары жанкечтилик жилет кийип, барымтадагыларды, анын ичинде аялдар менен балдарды тирүү калкан катары колдонушкан.

Операция өтө кылдаттык менен жүргүзүлүп, куткарылган жүргүнчүлөрдүн 37си жабыркап, ооруканаларга жөнөтүлдү.

Өлгөндөрдүн так саны азырынча тактала элек, расмийлер 10 киши, анын ичинде сегиз коопсуздук кызматкери набыт болгонун Dawn гезити жазды.

Темир жол операторунун айтымында, 750дөй жүргүнчү билет алган, бирок Кветтадан келген поездде 450дөй адам болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз