Ѳзбекстандын Эмгек министрлиги окутуучулар үчүн ишеним телефонун иштеткен. Себеби мугалимдерди эркине каршы аткаминерлер ар кандай жумуштарга тартышкандыктан.
Өзбекстандагы Касансай районунун акиминин орун басары Мубилло Исомиддинов мугалимдерди шаарды аралап өткөн дарыянын жээгин бетондоо иштерине тарткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек министрлигине таянып маалымат булактар жазып чыкты
Исомиддинов мектеп мугалимдерин «Ыңгайлаштырылган шаар» долбоорунун алкагында курулуш иштерине чыгарууну чечкен.Аймактагы ар бир мектепке тилке бөлүнүп берилип, 80ден окутуучу бетон куюшу керек болчу.
«Орун басар аша чаап кеткендигин, экинчи мындайга барбастыгын айтты. Мындан тышкары, 608 190 сум (5 миң сомго жакын) айып пул төлөмөй болду», — деп жазылат маалыматта.
Мугалимдердин ѳз эркине каршы мындай жумушка тартылышы биринчи жолу эместиги да кабарланат. Андыктан Эмгек министрлиги жетекчиликтин мындай мамилесине кабылган мугалимдер үчүн ишеним номерин жана Telegram-каналды ишке киргизген. Ал аркылуу окутуучулар каалаган учурда даттана алат.