Суббота, 16 мая

Душанбе-Бишкек учагы «Манас» аэропортуна конду

0

«Сомон Эйр» авиакомпаниясынын Душанбеден чыккан каттамы «Манас» эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конду. Учакты салт боюнча суу аркасы менен тосуп алышты.

Эске салсак, кечээ Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекте Душанбе-Бишкек-Душанбе багыты боюнча авиакаттамдар 14-марттан тарта жанданарын билдирген.

Белгилей кетсек, Тажикстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында тараптар эки өлкө ортосундагы Мамлекеттик чек ара боюнча келишимге кол коюшту.

Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы эки көзөмөл өткөрүү пунктунун ачылышы болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз