Дүйнөдөгү эң ири авиация, космос жана технология фестивалы TEKNOFEST 2025-жылы бир тууган өлкө Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) технология ышкыбоздорун бириктирет. Бул уникалдуу иш-чара 1-4-май күндөрү Эржан аэропортунун эски терминалында өтөт жана инновациянын жаңы доорун ачкан сынактарды камтыйт.
Инновациянын жүрөгү ТКТРде согот!
Фестивалда 7 негизги жана 14 кошумча категория боюнча технологиялык сынактар өткөрүлөт. Алардын арасында:
- Социалдык инновациялар сынагы, коомдук пайдалуу жана жаңычыл долбоорлорду жаратуу үчүн.
- Учкучсуз унаалар симуляциясы, автономдуу башкаруу жана стратегиялык көзөмөл механизмдерине негизделген долбоорлор.
- TEKNOFEST KKTC Изилдөө долбоорлору сынагы, айыл чарба, экология жана энергетика тармактарында туруктуу өнүгүүгө салым кошуу максатында.
- TEKNOFEST Robolig Mavi Vatan сынагы, робототехника жана программалоо боюнча эң мыкты инженердик долбоорлорду сунуштайт.
- Туризм технологиялары сынагы, ТКТРдин туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн акылдуу технологияларды илгерилетет.
- TEKNOFEST Drone Championship — KKTC, дрон башкаруу ыкмаларын, ылдамдык жана тактык көндүмдөрүн сынайт.
- HackMasters — Mavi Vatan киберкоопсуздук сынагы, киберчабуулдарга каршы күрөшүү жана IT коопсуздук чечимдери боюнча катышуучулардын жөндөмүн текшерет.
TEKNOFEST KKTCде технология, адреналин жана эмоция!
Фестиваль инновациялык сынактардан тышкары, укмуштуудай иш-чараларга да бай болот: авиациялык шоу-программалар, концерттер, семинарлар, көргөзмөлөр, мастер-класстар, симуляциялык тажрыйба аймактары, виртуалдык чындык аянтчалары, планетарий, студенттер үчүн өзгөчө учуу программалары ж.б.
TEKNOFEST KKTCнин байге фонду 5 миллион лирадан ашат!
Катышуучулар өз долбоорлорун көрсөтүүгө жана өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Жалпы байге фонду 2,5 миллион TL түзсө, кошумча 3 миллион TL командаларды колдоого багытталган. Ошондой эле жол кире жана жашоо чыгымдары да камтылат.
Катышуу жана толук маалымат алуу үчүн: www.teknofest.org
