Понедельник, 25 ноября

Июль айынын акыркы күндѳрү кургак аба ырайы сакталат

0

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык июл айынын акыркы күндѳрү кургак аба ырайы сакталат. Кыргызстандын айрым аймактарында абанын температурасы 40 градуска чейин жетет…

Ага ылайык, 26-июлдан 29-июлга чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кургак аба ырайы сакталат.

«Абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39 градуска чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40 градуска чейин жогорулайт», — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ишке орноштуруу боюнча сүйлѳшүүлѳр болду

Жакында мүмкүнчүлүктөрү чектел жарандар менен Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчилиги жана ЕККУнун Бишкектеги өкүлдөрүнүн катышуусундагы жолугушуусу болду. Мамлекеттик кадр кызматынын маалыматы боюнча  аярлуу катмарды камтыган чөйрөнү колдоо, коомго жайылтуу менен талкуулап, бирдей укуктар жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү өзгөчө муктаждыктарды эске алуу менен атайын шарттарды түзүү пландалды.

 Кыргызстанда аярлуу катмар үчүн атайын эмгек укугун жөнгө салуучу жоболор жок экенин Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Бакытбек Сагынбаев баса белгиледи.

Ошондой эле ал ЕККУнун мындай колдоосуна ыраазычылык билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз