18-мартта саат 22:10 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал — Казарман тилкесине (276-чакырым) таш көчкү түшү, каттам убактылуу жабылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан таш бөгөп калган жолду тазалоо иштери жүрүүдө.
Жерине техника тартылып, көчкүнүн көлөмү такталып жатат.