Эми жашаган жери боюнча каттоону «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн жүргүзүүгө болот.
”Кызмат” мекемесинен билдиришкендей, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн санариптик чечимдерди ишке ашыруу уланууда. Эми жашаган жери боюнча каттоону «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн жүргүзүүгө болот, муну үчүн Калкты тейлөө борборуна (КТБ) баруунун кереги жок.
«Биз мамлекеттик кызматтарды жарандар үчүн мүмкүн болушунча жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылууга аракет кылып жатабыз. Жаңы мүмкүнчүлүктүн жардамы менен жашаган жери боюнча каттоодон өтүү үчүн үйдөн чыкпастан эле бир нече мүнөт жетиштүү», — деди «Кызмат» мекемесинин директору Урмат Камбаров.
Белгилей кетсек, өтүнмө берүү үчүн жөн гана турак жайды тандап, маалыматтарды киргизип, идентификациядан өтүп, тиркемеде өтүнмөгө кол коюу жетиштүү.
“Бул жарандарды кезек күтүүдөн арылтып, алардын убактысын үнөмдөйт”,-деп айтылат маалыматта.