Вторник, 8 апреля

Кытай менен АКШнын “соода согушу” кызыды

0

Кытай АКШнын бардык товарларына 34%дык жооп тарифтерин киргизүүдө. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, жаңы тарифтер 10-апрелден тарта киргизилет.

«Бул кадам Американын президенти Дональд Трамптын тариф саясатына жооп катары жасалды.

АКШнын аракеттери эл аралык соода эрежелерине туура келбейт. Кытайдын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын олуттуу түрдө бузат жана бир тараптуу коркутуулардын типтүү көрүнүшү болуп саналат», — деп айтылат Кытайдын мамлекеттик кеңешинин билдирүүсүндө.

Эске салсак, буга чейин 2-апрелде Трамп 185 өлкөдөн жана аймактардан келген товарларга 25%дык бажы тарифтерин киргизүүнү жарыялаган. Импорттук товарларга эң төмөнкү базалык тариф 10% өлчөмүндө болуп белгиленген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз