Суббота, 18 апреля

Макрон: “Жакында Палестина мамлекетин таанышыбыз мүмкүн”

0

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Франция жакынкы айларда Палестина мамлекетин тааный аларын айтты.

Макрон Египетке болгон эки күндүк сапарынан кийин France 5 телеканалына берген маегинде Палестина мамлекетин таануу маселесин көтөрдү.

Франциянын президенти 6-7-апрелде Египетке жасаган расмий сапарынын алкагында Сауд Аравиянын тең төрагалыгы астында эки мамлекет чечими боюнча эл аралык конференция уюштура турганын билдирди.

Бирок 2024-жылы Макрон Палестина мамлекетин таануу Франция үчүн “табу” эмес экенин айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз