IV Анталья дипломатиялык форуму (ADF2025) 11-13-апрель күндөрү Анталияда «Дипломатияны бузулган дүйнөгө кайтаруу» деген теманын алдында дүйнө лидерлери менен өкмөт өкүлдөрүн чогултат.
Иш-чара Белек туристтик районундагы NEST Конгресс борборунда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жана өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен өткөрүлөт. Форумдун ачылышында Түркиянын мамлекет башчысы сөз сүйлөйт.
ADF2025 иш-чарасына 20дан ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары, 70тен ашуун министр, анын ичинде 50дөн ашык тышкы иштер министрлери, эл аралык уюмдардын 60ка жакын жогорку даражалуу өкүлдөрү жана 4000ден ашуун конок, анын ичинде студенттер, эксперттер, дипломаттар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө.
Форумдун алкагында ар кандай форматта 50дөн ашык сессия өтөт. Форумда Жакынкы Чыгыш менен Азия-Тынч океандан Африка менен Латын Америкасына чейинки ар кандай географиялык аймактарга тиешелүү маселелер талкууланат.
Климаттын өзгөрүшү, терроризмге каршы күрөш, гуманитардык жардам, санариптештирүү, азык-түлүк коопсуздугу жана жасалма интеллект сыяктуу негизги глобалдык маселелер да көңүл чордонунда болот.
Форумду Анталия дипломатиялык форумунун расмий сайтынан жана социалдык тармактар аркылуу көрүүгө. Мындан тышкары көптөгөн сессиялар ТРТдан түз эфирде көрсөтүлөт.
