Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трампты Украинадагы ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө байланыштуу чечимдерди жана пландарды кабыл алуудан мурда Украинага келип кетүүгө чакырды.
Бул тууралуу украин лидери CBS News телеканалына берген маегинде билдирди.
Президент Трамп «бул жерде эмне болуп жатканын түшүнүү» үчүн Украинада жолугууга кубанычта болорун айтты.
Зеленский адилеттүү дүйнө эмне деп эсептейт? деген суроого жооп берип жатып, Украина үчүн эң башкысы эгемендигин жана көз карандысыздыгын жоготпоо экенин белгиледи.
Зеленский ошондой эле Украина «Орусия басып алган бардык аймактарды кайтарып алаарын» айтты. «Эмне болсо дагы биз өзүбүздүкүн кайтараып алабыз. Анткени биз аны эч качан жоготкон эмеспиз. Орустар биздин аймактарды басып алган. Биз Орусия басып алган жерлерди тааныбайбыз. «Биз аларды кайра алабыз» деди.
Зеленский дүйнөнүн коопсуздугу коркунучта экенин белгилеп: “Украинадагы согуш 3-дүйнөлүк согушка айланып кетиши мүмкүн” — деп белгиледи.
Зеленский Украина АКШдан 15 миллиард долларга 10 Patriot зениттик-ракеталык комплексин сатып алууга даяр экенин, бирок Вашингтон системаларды сатуудан баш тартып жатканын айтты.
«Биз (АКШдан) сатып алууга даярбыз жана кээ бир шаарларды жабуу үчүн бизге кеминде 10 [Патриот] системасы керек, бул 15 миллиард доллар. Биз бул 15 миллиард долларды төлөөгө даярбыз, бул акчаны табабыз жана бардыгы үчүн төлөйбүз», — деди украин лидери. Анын айтымында, Украина европалык өнөктөштөрүнүн эсебинен АКШдан абадан коргонуу системаларын жана башка курал-жарактарды сатып алуу ниетинде.
«Бизде абадан коргонуу системалары жок, бул системалар жетишсиз. Биз АКШга керектүү болгон жаңы куралдардын пакетин тапшырдык. Биз бул пакетти сатып алууга даярбыз. Бул тууралуу европалык өнөктөштөр менен талкууладык, алар биз менен бирге тиешелүү пакеттерди каржылоого даяр», — деп кошумчалады Зеленский.
Украин президенти Орусия менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ишенбей турганын айтып, Киев Москвага “ишенбей турганын” баса белгиледи. «Биз Орусияга ишене албайбыз. Биз Орусия менен сүйлөшүүлөргө ишене албайбыз», — деди Зеленский чыр-чатакты дипломатиялык жол менен жөнгө салуу боюнча талкууларга комментарий берип жатып.
Мамлекет башчысы ошондой эле АКШнын согушта бейтарап позицияны карманууга умтулуусун сынга алды.
Муну менен катар Зеленскийдин кеңсеси 100 миң украин жоокери өлгөнү тууралуу маалыматты четке какты. Украинанын президенти Владимир Зеленский CBS телеканалынын 60 мүнөтүнө берген маегинде украин аскерлеринин жоготууларынын саны болжолдуу 100 миң согушкерди түзгөнүн айткан жок. Бул тууралуу Украина президентинин басма сөз катчысы Сергей Никифоров журналисттерге билдирди, деп билдирет UNIAN.
Никифоров белгилегендей, мамлекет башчысы америкалык CBS News телеканалына берген интервьюсунда украиналык 100 миң аскерий жоготуу тууралуу айткан жок. Бирок, мындай маалыматтарды телеканал 60 мүнөт программасынын көшөгө артындагы сюжетинде билдирди.
Президенттин басма сөз катчысы Зеленскийдин маегинин түп нускасын окууну сунуштады.
