Суббота, 18 апреля

УСК: Кыргызстанда баалар өткөн айда 0,2 пайызга гана өстү

0

2025-жылдын мартында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы катталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда баанын өсүшү (0,2 пайызга) белгиленди, бул азык-түлүк товарларына баалардын 0,2 пайызга өсүшү менен шартталган.

2025-жылдын мартында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (3,9 пайыз) Казахстанда катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (4,5 пайызга) жана азык-түлүк эмес товарларга (2,4 пайызга) жогорулашы менен шартталган.

Кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин максималдуу өсүшү (4,5 пайызга) Беларусь Республикасында жана Казакстан Республикасында катталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз