Четверг, 23 апреля

Кытай АКШ менен келишим түзчү өлкөлөрдү эскертти

0

Кытай АКШ менен тариф келишимине макул болгон өлкөлөргө жана соода согушунда Кытайга каршы алынган чечимдерге кошулган өлкөлөрдү эскертти. “Кытай башка өлкөлөрдүн анын кызыкчылыктарына шек келтире турган чечимдерди кабыл албайт деп ишенет, бирок мындай аракеттер болгон учурда Пекин тиешелүү каршы чараларды көрүүгө даяр” — деп айтылат Кытайдын Соода министрлигинин билдирүүсүндө.

“Дүйнөлүк соода «джунгли мыйзамына» кайтып келгенде, күчтүүлөр алсыздарды олжолоп, баары курмандыкка айланат“ — деп айтылат билдирүүдө.

«Кытай бардык тараптардын Америка Кошмо Штаттары менен соода-экономикалык пикир келишпестиктерди бирдей консультациялар аркылуу чечүүгө умтулуусун сыйлайт», — деп белгиледи Кытайдын Соода министрлиги.

9-апрелде Дональд Трамп 60ка жакын өлкөдөн импорттолуучу ири тарифтерди 90 күнгө калтырып, аларды Кытайдан башка бардык өлкөлөргө “базалык” 10 пайыздык тарифке, ошондой эле импорттолуучу унааларга, болотко жана алюминийге мурда киргизилген 25 пайыздык бажы алымдарына алмаштырып жатканын жарыялаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз