Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев Монголиянын вице-премьер-министри Сайнбуянгийн Амарсайхан менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-монгол кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин кеңири талкуулашты. Акыркы эки жыл ичинде болгон жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарлардын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Элчи Айбек Артыкбаев жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн кызматташуусун активдештирүүгө чакырды. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бизнес байланыштарды мындан ары чыңдоо максатында Кыргыз-монгол ишкерлер кеңешинин ишин активдештирүүнү жана анын отурумун үстүбүздөгү жылы уюштурууну сунуштады.
Ошондой эле ал Кыргызстандын Монголия менен соода-экономикалык, маданий жана туризм тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө умтулуусун белгиледи. Мындан тышкары, 2025-жылдын биринчи жарымында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде Монголиянын вице-премьер-министри монгол тараптын Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, кыргыз-монгол мамилелери өз ара урматтоо жана ишеним духунда интенсивдүү өнүгүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле Сайнбуянгийн Амарсайхан Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташууга тиешелүү бардык маселелерди талкуулоонун гана эмес, иш жүзүндө ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул багытта жигердүү иштөөгө даяр экендигин баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган маселелер боюнча активдүү кызматташууну улантууга макулдашты.
