Воскресенье, 19 апреля

Блокададагы Газада каза болгондордун саны 51 305ке жетти

0

2023-жылдын 7-октябрынан бери блокададагы Газа тилкесине Израилдин массалык кол салууларынан каза болгондордун саны 51 305ке жетти.

Палестинанын Газа тилкесиндеги Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы 24 саатта 39 кишинин сөөгү ооруканаларга жеткирилгенин билдирди.

19-январда күчүнө кирген ок атышпоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин 18-мартта эртең менен Израилдин армиясы блокададагы Газа тилкесине катуу чабуулдарын кайра баштаган.

Кол салуулар кайра башталгандан бери көбү кары-картаңдар, аялдар жана балдардан турган 1928 палестиналык набыт болду, 5055и жараат алды.

Израилдин Газа тилкесине кол салуулары башталган 2023-жылдын 7-октябрынан бери каза болгон палестиналыктардын саны 50 миң 305ке, жаракат алгандардын саны 117 миң 96га жетти. Миңдеген набыт болгон палестиналыктардын денелери талкаланган имараттардын урандылары астында калууда.

Ок атышпоо келишимин бузган Израил, «жаңы ок атышпоо сунуштарын четке кагууга» жооп иретинде Хамаска каршы аскердик күчүн жогорулатуу ниетин билдирди.

ХАМАС өз кезегинде Израилди убадаларын аткарбай жатат деп айыптап, өлкө «Газа тилкесинде палестин элине каршы геноцидди» кайра баштаганын жана ок атышууну токтотуу боюнча ортомчуларга алган милдеттенмелерин аткарбаганын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз