Воскресенье, 19 апреля

Иорданияда «Мусулман боордоштор» кыймылына тыюу салынды

0

Иорданиянын Ички иштер министри Мазен аль-Фарая «Мусулман боордоштор» кыймылынын мыйзамсыз деп табылганын, мүлктөрүн конфискациялангандыгын айтты.

Ондогон жылдан бери Иорданияда мыйзамдуу түрдө иштеп келе жаткан жана өлкөдөгү эң күчтүү оппозициялык уюму катары эсептелген кыймыл өлкөнүн ири шаар борборлорунда элдик колдоого ээ болгон. Кыймыл бирок азырынча бул чечим тууралуу билдирүү бере элек.

Министр Фарая топтун бардык иштерине тыюу салынарын жана анын идеологиясын жайылтууга аракет кылгандардын мыйзам алдында жоопко тартыларын билдирди. Ошондой эле топтун бардык кеңселери жана мүлктөрү жабылып, конфискацияланарын кошумчалады.

“Мусулман боордоштор” тобу көпчүлүк араб өлкөлөрүндө тыюу салынган уюм. Кыймыл ондогон жыл мурун коомчулукка зомбулукту четке какканын жарыялаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз