Индия менен Пакистандын ортосундагы мамилелердин курчушу жаңы куралдуу кагылышууга айланып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу New York Times (NYT) эксперттерге таянып жазып чыкты.
«Индиядагы эскалация кечээ кечинде башталды жана ал 2019-жылдын февраль айына караганда кеңири масштабда болот» деди пакистандык аналитик Сайед Мухаммад Али.
Атын атагысы келбеген пакистандык коопсуздук кызматынын жогорку даражалуу кызматкери Пакистан ар кандай курч кырдаалга этияттык менен мамиле кыларын, бирок Индиянын чабуулдары орун алса, аны ооздуктай турганын айтты.
22-апрелде News18 телеканалы Индиянын түндүгүндөгү Джамму жана Кашмир аймагындагы террордук чабуулдан кеминде 27 турист каза болгонун, дагы жыйырмага жакыны ок атышуудан жарадар болгонун кабарлады. Журналисттердин айтымында, Пахалгам шаарына жакын жерде куралчан террористтер Байсаран өрөөнүндөгү чыйырга чыгып бараткан туристтерди пулемёттон аткылашкан.
Маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, бул чабуул үчүн жоопкерчиликти Пакистандан кирген Каршылык көрсөтүү фронту алды.
Буга чейин Индия бардык пакистандык жарандарын өлкөдөн чыгарууну жарыялаган.
