Киев менен Вашингтон биргелешип кен казуу жана Украинаны калыбына келтирүү үчүн инвестициялык фонд түзүү боюнча келишимге кол коюшту.
Келишимге кол коюлганын АКШнын Каржы министрлиги жана Украинанын вице-премьер-министри Юлия Свириденко ырастады.
«Президент Трамптын туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу боюнча талыкпаган аракеттеринин аркасында мен бүгүн АКШ-Украинаны кайра куруу инвестициялык фондун түзүүчү тарыхый АКШ-Украина Экономикалык өнөктөштүк келишимине кол коюлганын жарыялоого кубанычтамын» — деди АКШнын Каржы министри Скотт Бессент.
Украинанын вице-премьер-министри Юлия Свириденко Фейсбукта «АКШнын Каржы министри Скотт Бессант менен бирге АКШ менен Украинаны калыбына келтирүү инвестициялык фондун түзүү боюнча келишимге кол койдум» — деп жазды.
Анын айтымында, Украинаны калыбына келтирүү боюнча инвестициялык фонд Украинага дүйнөлүк инвестицияларды тартат.
Свириденко белгилегендей, негизги жоболор Украинага толук ээлик кылууну жана көзөмөлдү сактоону караштырат — Украина мамлекети кайда жана эмнени казып алууну чечет, жер казынасы украиндердин менчигинде калат.
Мындан тышкары, АКШ менен Украинанын ортосундагы тең укуктуу өнөктөштүк белгиленет — фонд 50/50 түзүлүп, бир дагы тарап үстөмдүк добушка ээ болбойт.
Кол коюлган келишимде менчиктештирүү процесстеринде же мамлекеттик ишканаларды башкарууда өзгөртүүлөр каралган эмес. «Укрнафта» жана «Энергоатом» сыяктуу компаниялар мамлекетке таандык бойдон калууда.
Кол коюлган келишимде Украинанын АКШ алдындагы эч кандай карызы тууралуу сөз жок. Макулдашуунун ишке ашырылышы эки өлкөнүн тең укуктуу кызматташуу жана инвестиция аркылуу экономикалык потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берери белгиленген.
Келишим Конституцияга ылайык келери жана Украинанын евроинтеграция курсун өзгөртпөй турганы баса белгиленди.
18-апрелде Киев менен Вашингтон ресурстар боюнча келишим түзүү ниети тууралуу меморандумга кол коюшуп, анда келишим боюнча ишти тездетүүнү макулдашышкан. Бир барактан турган документте Вашингтон 2022-жылы Украинада толук масштабдуу согуш аракеттери башталгандан бери Киевге “олуттуу каржылык жана материалдык колдоо” көрсөткөнү, тараптар Украинада туруктуу тынчтыкты жана АКШ-Украина өнөктөштүгүн бекемдөөнү каалап жатканы жана бул өнөктөштүктүн алкагында реконструкциялоо инвестициялык фондун түзүүнү көздөп жатышканы баса белгиленген.
