Воскресенье, 18 мая

Түркия Пакистанга өз колдоосун билгизди

0

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу Түркиянын президентинин администрациясынын байланыш бөлүмүнүн билдирүүсүндө айтылат.

Билдирүүгө ылайык, сүйлөшүүлөрдө Индия менен Пакистандын ортосундагы кырдаалдын курчушу, 6-майга караган түнү болгон кол салуу жана кырдаалдын өнүгүшү талкууланды.

Түрк мамлекет башчысы Түркиянын Пакистан менен тилектештигин билдирди. Түрк лидери кол салууда каза болгон пакистандыктарга көңүл айтып, жабыркаган пакистандык жарандардын тез сакайып кетишин каалады.

Президент Түркиянын уланып жаткан процессте Пакистандын тең салмактуу жана токтоо саясатын колдой турганын баса белгиледи. Мамлекет башчысы Жамму-Кашмирдеги террордук чабуул боюнча калыс, ачык-айкын жана ишенимдүү эл аралык иликтөө жүргүзүү сунушун туура деп атады. Анын айтымында, Анкара Пакистан менен Индиянын ортосундагы мындан аркы эскалацияга жол бербөө үчүн бардык зарыл болгон аракеттерди жасоого даяр жана бул маселе боюнча дипломатиялык байланыштар уланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз