Индиялык басылмалар Пакистан Индиянын Кашмириндеги ок-дары сакталган кампаларга сокку урду деп кабарлашууда. Бирок Индия бийлигинен расмий комментарий боло элек.
Asian News International (ANI) маалыматына ылайык, Джамму жана Кашмир аймагында бир нече күчтүү жарылуулар угулган.
ANI агенттиги Пакистан армиясы Нью-Дели өкмөтүнө таандык ок-дарыларды сактоочу жайларды бутага алганын, Индиянын абадан коргонуусу каршы чараларды көргөнүн ырастады. Ошол эле учурда Акноор, Самба, Барамулла жана Купвара сыяктуу аймактарда сиреналар угулду.
Азырынча Индия да, Пакистан да жардыруулар боюнча эч кандай расмий билдирүү жасай элек.