Стамбулда 15-майда бейшемби күнү Орусия менен Украинанын ортосунда узак убакыттан бери биринчи жолу түз сүйлөшүүлөр болот.
Сүйлөшүү сунушун Орусиянын президенти Владимир Путин 11-майда түнү жасады. Ал 15-майда Стамбулда Москва менен Киевдин түз сүйлөшүүлөрүндө ок атышууну токтотуу маселесин талкуулоону сунуштады. Орус лидери Москва аларга эч кандай шартсыз катышууга даяр экенин билдирди.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 11-майда Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Стамбулда орус-украин сүйлөшүүлөрүн кайра баштоо демилгесин кубаттады. Түрк мамлекет башчысы Анкара Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды туруктуу жөнгө салууну камсыздай турган сүйлөшүүлөрдү уюштурууга даяр экенин билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өз кезегинде 15-майда Түркияда Орусия менен сүйлөшүү өткөрүүгө макул болду. «Мен Путинди бейшембиде Түркияда күтөм. Жеке өзүм”, — деди.
