Воскресенье, 7 декабря

Трамптын Перс булуңундагы өлкөлөргө болгон сапары башталды

0

Дональд Трамп шейшемби күнү Катар жана Бириккен Араб Эмирликтерин да камтыган Перс булуңу сапарынын биринчи аялдамасы болгон Сауд Арабияга барды. Жакынкы Чыгыштын кризис болгон аймактарына байланыштуу келишимдердин түзүлүшү кыйындай көрүнсө да Трамптын ишкердик келишимдерге басым жасап жатканы айтылууда.

Тесланын башкы директору жана Трамптын кеңешчиси Илон Маск баш болгон негизги америкалык ишкерлерден турган делегация менен саякаттаган Трамптын биринчи аялдамасы Эр-Рияд болду. Бул жерде өтүүчү Сауд-Америка инвестиция форумуна катыша турган Трамп шаршемби күнү Катарга, бейшемби күнү Бириккен Араб Эмирликтерине барат.

Сауд Арабиянын инвестициялар боюнча министри Халид аль-Фалих форумдун ачылышында: «Энергетика карым  — катнашыбыздын  негизги элементи болууну улантууда. Ал  эми королдуктагы инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүктөр экспоненциалдуу түрдө өстү», — деди.

Ал Трамп келгенге чейин жасаган билдирүүсүндө :”Жыйынтык катары саудиялыктар менен америкалыктар күчүн бириктиргенде абдан жакшы нерселер болот; көп учурда бул биргелешкен аракеттер чоң ийгиликтерге алып келет», — деп кошумчалады.

Сауд-Америка инвестициялык форуму Америка Кошмо Штаттары менен королдуктун ортосундагы эзелтен бери келе жаткан мамилени даңазалаган бүркүттөр жана шумкарлар тартылган видеотасма менен башталды.

Чоң залдын алдыңкы катарларында BlackRock компаниясынын башкы директору Ларри Финк, Blackstone компаниясынын башкы директору Стивен А. Шварцман, казына министри Скотт Бессент, Сауд Арабиясынын каржы министри Мухаммед Аль-Жадаан жана Халид аль-Фалих орун алышты.

Сауд Арабия менен Америка Кошмо Штаттары ондогон жылдар бою бекем карым  — катнашын сактап келет.  Бул байланыштар королдуктун мунай менен камсыз кылып, супер державанын коопсуздукту камсыздаган узак мөөнөттүү келишимине негизделген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз