Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, өлкөдө эртеңден тарта күндүн табы 40°ка чейин жетилиши күтүлүүдө. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°ка чейин, Талас облусунда 33…38°ка чейин жогорулашы мүмкүн.
Күндүн мындай аптаптуу ысышы сөзсүз түрдө адамдын организмине терс таасирин тийгизбей койбойт. Мындай күндөрү өзгөчө сак болуу талап кылынат. Катуу ысык адамдын ден соолугуна олуттуу зыян тийгизиши мүмкүн.
