Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун берген маалыматы боюнча 20 жылдын ичинде Кыргызстанда автоунаалардын саны дээрлик 1000 пайызга көбөйгөн. Унаалардын санынын өсүшүнө жараша жол эрежелерин бузгандар көбөйүп, жол-транспорт кырсыктары да байма-бай катталып келет. Мындан улам өлкөдө жол кырсыктарында тараптарга көмөк көрсөтүүчү камсыздандырууга болгон муктаждык келип чыгып, 2016-жылдын 7-февралында «Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамы (ОСАГО) киргизилген эле. ОСАГО — бул унаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полиси.
ОСАГОнун өзгөчөлүгү башка унаага, жүргүнчүлөрдүн (үчүнчү жактар) өмүрүнө жана ден-соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу болуп саналат. ОСАГО полисин сатып алуу менен адам жол кырсыгына күнөөлүү болуп калган учурда, өзүн көйгөйлөрдөн коргой алат. Бул жагдайда жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун камсыздандыруу компаниясы төлөп берет.
Максаты — автотранспорт каражаттарын пайдаланууда болгон жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурууга жабырлануучунун же пайда табуучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана өздөрүнүн жоопкерчилигин камсыздандырган автотранспорт каражаттарынын ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматы боюнча 2025-жылдын 1-январынан 15-майга чейинки убакытта аталган мекеменин ОСАГО боюнча төлөмдөрү төмөндөгүдөй болгон:
- Ысык-Көл – жабыркаган 2 учур катталып, 109 450 сом;
- Нарын — жабыркаган 4 учур катталып, 480 000 сом;
- Ош — жабыркаган 1 учур катталып, 16 000 сом;
- Талас — жабыркаган 1 учур катталып, 150 000 сом;
- Чүй — жабыркаган 22 учур катталып, 2 465 357 сом;
- Бишкек шаары – жабыркаган 63 учур катталып, 5 605 721,98 сом.
Жалпы 93 учур катталып, 8 826 528, 98 сом төлөнүп берилген.
Аталган полис боюнча түзүлгөн келишимдердин саны төмөндөгүдөй:
- Ысык-Көл – 1 559;
- Нарын — 2 712;
- Талас — 526;
- Чүй — 3 256;
- Ош — 3 901;
- Жалал-Абад – 2 084;
- Баткен — 1 528;
- Бишкек шаары – 8 503;
- Ош шаары — 2 339;
- Өлкө боюнча жалпы саны — 26 358.
ОСАГО Казакстан жана Өзбекстан баштаган дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бар. Мындайөлкөлөрдө айдоочулардын жоопкерчилиги байкалат. Себеби кырсык болгон учурда келтирилген зыян камсыздандыруунун эсебинен жабылгандыктан, качуунун кереги жок болуп калат. Жол кыймылына катышкан транспорт каражаттарынын бардык ээлери автотранспорттук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин алышы керек:
- Жеке унаа ээлери (жеңил унаалар, мотоциклдер);
- Компаниялар жана уюмдар (юридикалык жактар, таксилер, жеткирүү кызматтары);
- Коомдук транспорттун ээлери (автобустар, кичи автобустар);
- Жүк ташуучу унаалардын жана атайын техниканын ээлери.
Жоопкерчиликтин максималдуу лимиттеринин өлчөмдөрү:
- Ар бир жабырлануучунун өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтиргендиги үчүн;
- Өлүмгө алып келген учур: 300 миң сом;
- Жабырлануучунун майыптыгын аныктоо: ⁃ I топ – 200 миң сом;
- II топ – 150 миң сом ;
- III топ — 100 миң сом;
- категориясы “майып бала” – 200 миң.
Майыптыкты белгилебестен алган жаракат же ден соолугунун башка зыяны амбулатордук жана стационардык дарыланууга иш жүзүндөгү чыгымдардын өлчөмүндө, бирок 100 миң сомдон ашпаган өлчөмдө төлөнөт. Жабырлануучулардын мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүндө, бирок ар бир жабырлануучуга 150 миң сомдон ашык эмес жана бардык жабырлануучуларга 450 миң сомдон ашык эмес зыян келтиргендиги үчүн.
ОСАГО эмнени камтыбайт?
- Кылмышкердин унаасын оңдоо;
- Кырсыкка күнөөлүү адамды дарылоо;
- Айыптар жана соттук чыгымдар;
- Унаадагы жүктүн бузулушу.
Эске салсак, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Кыргызстанда айып пулдар 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кириши керек болчу. Бирок кийинчерээк автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун жоктугу үчүн айып пулду киргизүүнү 2025-жылдын 1-июлуна чейин алты айга жылдыруу чечими кабыл алынган.
