Орусиянын Мамдумасы бүгүн пленардык жыйында Москва шаарында жана Москва облусунда 2025-жылдын 1-сентябрынан 2029-жылдын 1-сентябрына чейин чет өлкөлүк жарандардын геолокациясы боюнча маалыматтарды чогултуучу мобилдик тиркеме аркылуу мигранттарды каттоо боюнча эксперимент жүргүзүү боюнча мыйзамды үчүнчү жана акыркы окууда кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Маалыматка караганда, чет өлкөлүк жарандар адистештирилген мобилдик тиркемеде катталып, өздөрүнүн жеке маалыматтарын жана геолокациясын иштеп чыгууга макулдук беришет. Алардын иш жүзүндөгү жайгашкан жери жөнүндө Ички иштер министрлигинин аймактык органына атайын мобилдик тиркеме аркылуу билдирүү жөнөтүлөт.
Экспериментти үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан 2029-жылдын 1-сентябрына чейин Москва шаарында жана Москва облусунда өткөрүү сунушталууда. Анын катышуучулары Россияга визасыз кирген чет элдик жарандар. Анын ичинде патент менен иштегендер, эксперимент жүргүзүлүп жаткан аймакка баруу максатын өзгөрткөндөр, ошондой эле жумушка орношуу максатында эмес облуста 90 күндөн ашык болгондор.
Мыйзам долбоорунда ошондой эле бир аймакта патент алган чет өлкөлүк жарандарга айрым аймактарда иштөө мүмкүнчүлүгүн берүү, ал эми иш берүүчүлөргө башка аймакта патент алган чет элдик жарандарды жумушка алуу укугун берүү сунушталууда.
