22-майдан тарта кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Бедел-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту ишин жандандырды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Бедел-автожол» пункту көп тараптуу (эл аралык) жүргүнчүлөр үчүн өткөрүү пункту болуп эсептелет.
Белгиленгендей, пункт күнү-түнү иштейт, бирок тараптардын макулдашуусу менен иш тартибине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Өткөрүү пункту Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Барскоон — Учтурфан — Аксу автожолунан 150 чакырым аралыкта жайгашкан.
