Понедельник, 8 декабря

Орус аскерлери Украинада эки конушту ээледи

0

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинада эки конуш орус аскерлеринин көзөмөлүнө өткөнүн билдирди. Бул тууралуу ишембиде, 31-майда Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Украинанын Сумы облусундагы Водолаги конушу Түндүк аскерлер тобунун «чечкиндүү аракеттеринин натыйжасында», ал эми Донецк облусундагы Новополь конушу Чыгыш аскерлер тобунун «активдүү аракеттеринин натыйжасында» көзөмөлгө алынганын Орусиянын министрлиги белгиледи.

Орусиянын Коргоо министрлиги: «Сумы аймагындагы «Искандер» оперативдүү-тактикалык ракеталык комплексинин соккусунан АКШда жасалган эки HIMARS аткычтары жана алардын ок-дарылары жок кылынды», — деп кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз