Воскресенье, 19 апреля

Бүгүн «Мейкин Азия» фестивалы жыйынтыкталат

0

Кечээ Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында «Мейкин Азия» фестивалынын экинчи күнү өттү.

Фестивалдын алкагында катышуучулар экинчи турга чыгып, сахнада өз өнөрлөрүн тартуулашты. Мындан сырткары, белгилүү ырчылардын катышуусунда чоң концерттик программа болду.

Кечки бөлүктө азыркы учурда популярдуулукка ээ болгон Ay-Yola тобу жана белгилүү ырчы Sevak ырдады.

Белгилей кетсек, сынактын гран-при сыйлыгы катары жеңүүчүгө 8 миң доллар, ал эми биринчи орунга 5 миң доллар каралган.

Фестивалдын жыйынтыктоочу бөлүгү — жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жана гала-концерт — бүгүн, 22-июлда өтөт.

Жыйынтыктоочу күнү атактуу ырчы Димаш Кудайберген өзүнүн чыгармаларын аткарып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз