Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин 2023 — жылдын октябрь айынан бери блокада астындагы Газага гуманитардык жардамдардын киширине тоскоол болгондуктан ачкачылык жана жетишсиз тамактануунун натыйжасында араларында 76 бала да болгон кеминде 86 палестиналыктын каза болгонун билдирди.
Министрлик жекшемби күнкү жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : “Газада ачкачылык жана жетерсиз тамактануудан улам 76 бала болгон жалпы 86 адам каза болду”,- деп билдирди.
Билдирүүдө курчоого алынган аймактагы гуманитардык кризис «үнсүз кыргын» деп мүнөздөлүп, гуманитардык шарттардын начарлашынан Израиль жана эл аралык коомчулуктун жооптуу экендиги баса белгиленди.
Министрликтен берилген маалыматта акыркы 24 сааттын ичинде Газа аймагында 18 адамдын ачарчылыктан каза тапкандыгы билдирилди жана тез арада чек араларды ачып, азык-түлүк жана дары-дармектерди киргизүүгө чакыруу салынды.
Израиль 2-марттан бери Газа менен болгон бардык чек араларды жаап, гуманитардык жардамдын кирүүсүн токтотуп, ачарчылыктын жайылышын тездетти.
