Суббота, 18 апреля

Бангладештеги кырсыкта 30дан ашык адам каза тапты

0

Аскердик учак Бангладештин борбору Даккадагы мектепке кулап, 31ден ашык адам каза тапты. Бул тууралуу Euronews билдирет.

Маалыматка караганда, күн мурун Бангладештин баш калаасынын түндүк-батыш тарабында МиГ-21 үлгүсүндөгү учак мектепке кулап түшкөн. Milestone окуу комплексинин күйүк алган ондогон окуучулары куткарылып, тик учактар жана тез жардам унаалары менен ооруканаларга жеткирилди. Жалпысынан 170тей киши жараат алды, алардын кеминде 24үнүн абалы оор.

Күйүп жаткан мектептен 20дан ашык окуучуну куткарып калган мугалим Махерин Чоудхури катуу күйүктөн улам каза тапканын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыкты.

Маалыматтар боюнча, 27 жаштагы учкуч Тукир Ислам биринчи жолу учакты инструкторсуз башкарган, ал кырсыкта алган жараатынан улам каза болду.

Бангладештин Аскер-аба күчтөрүнөн белгилешкендей, учкуч учакты борбордун калктуу аймактарынан алыстатууга аракет кылган.

Авиакырсыкта көптөгөн адамдар күйүп кеткендиктен өздүгүн аныктоо үчүн ДНК тести талап кылынат.

Milestone мектеби Дакканын Уттара районунда, Хандакер базасынан 11 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Учурда кырсыктын себептерин аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бангладештин убактылуу өкмөтүнүн башчысы, Нобель сыйлыгынын лауреаты Мухаммад Юнус өлкөдө улуттук аза күтүү күнүн жарыялады.

Бул кырсык Бангладештеги эң кандуу окуя экени айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз