Суббота, 18 апреля

Стамбулда IDEF 2025 коргонуу өнөр жайы жарманкеси ачылды

0

Стамбулда 17-Эл аралык коргоонуу өнөр жай жарманкеси IDEF 2025 ачылды.

IDEF 2025 Стамбул Көргөзмө борборунда (İFM) KFA Fuarcılık AŞ уюштуруучулук колдоосу менен өтүүдө.

Иш-чара Түркиянын Улуттук Коргоо министрлигинин жетекчилигинде, Президенттикке караштуу Коргоо өнөр жай директорлугунун колдоосу менен Түрк куралдуу күчтөрүн колдоо фондунун жетекчилиги жана жоопкерчилигинде өткөрүлүүдө.

Быйыл көргөзмөгө 33 өлкөдөн делегация башчылары – министрлер, министрдин 120дан ашык орун басарлары, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын начальниктери жана куралдуу күчтөрдүн бөлүмдөрүнүн командирлери катышат. IDEF 2025 44 өлкөнүн стенддерин көрсөтөт. Анда 400дөн ашык эл аралык компаниялар өз продукцияларын көрсөтүшөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз