Воскресенье, 7 декабря

Газанын жашоочулары массалык ачарчылыка дуушар болууда

0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Газа тилкесинин жашоочуларынын көпчүлүгү тамак-аштын олуттуу тартыштыгын баштан кечирип жатканын билдиргенин Интерфакс жазды.

Гебрейесустун айтымында, буга Газага кире турган жол 80 күндөн ашык тосулуп калышы кесепетин тийгизди. Азыр тилкеге гуманитардык жардам жеткирилип жатканы менен, аз гана өлчөмдө. Ошондой эле Гебрейесус 1 миңден ашык адам тамак-аш алууга кезекте турганда каза болгонун эске салды.

Буга чейин 100дөн ашык гуманитардык уюмдар жана адам укугун коргоо боюнча топтор да Газа тилкесинде «массалык ачарчылык» болгонун билдиришкен. Алар Газа тилкесинде ок атышууну токтотууга, бардык жолдорду ачууга жана гуманитардык жардамды БУУнун механизмдери аркылуу бөлүштүрүүгө чакырышкан.

Өз кезегинде Израилдин Тышкы иштер министрлиги анклавда 700дөн ашык жүк ташуучу унаа БУУнун кызматкерлери тарабынан өз жүктөрүн бөлүштүрүүнү күтүп жатканын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз