VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында бекитилген жобого ылайык, бардык уюштуруу жана техникалык маселелерди камтыган этноспорттун 40 түрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин расмий маалымат жыйынында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов билдирди.
Анын айтымында, көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү максатында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан ар бир спорттун түрү боюнча өлкөнүн улуттук курама командалары түзүлүп, быйылкы жылдан тартып тандоо мелдештерди, машыгуу жана окуу жыйындары өткөрүлөт.
“Бирдиктүү жабдыктар жана керектүү спорттук инвентарлар менен камсыз кылуу, туура жана кесипкөй калыстыкты камсыз кылган негизинен жергиликтүү адистерден турган калыстар курамын түзүү, Кыргызстанда анча өнүкпөгөн башка өлкөлөр сунуштаган спорттун түрлөрү боюнча чектелүү чет өлкөлүк адистерди тартуу мүмкүнчүлүгүн кароо иштерин биздин агенттик аткарат. Оюндар башталганга чейин калыстар үчүн атайын окуу семинарларын өткөрүү бул мелдештерди сапаттуу баалоону камсыздоого багытталган иш-аракеттер болуп саналат”,- деди Абдымомунов.
Ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттук бөлүк жалпы иш-чаралардын негизги бөлүгү катары агенттиктен жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик, так координациялоо талап кылынаарын кошумчалады.
