Медведев: Трамптын талабы согушка алып барат

0

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев АКШ президенти Дональд Трампка эки нерсени эскертти: биринчиден, Орусия Израил же Иран эмес, андыктан ага ультиматум койгонго болбойт, экинчиден, мындай талаптардын ар бири согушка карай кадам.

Буга чейин 28-июлда Трамп орус кесиптеши Владимир Путинден “абдан көңүлү калганын” дагы бир жолу билдирип, ультиматум мөөнөтүн 50 күндөн 10-12ге чейин кыскартууну жарыялаган. Июль айында Америка президенти эгер 50 күндүн ичинде Украина менен диалогдо жылыш болбосо, “болжол менен 100%” кошумча тарифтер киргизилет” деп коркуткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз