Суббота, 23 ноября

Токойлордогу ѳрттүн түтүнѳн ууланган Россия

0

Россиянын аймагындагы элдер бир жумадан ашык убакыт бою токолордогу ѳрттѳн дем ала балбай жатышканын жарыялап келишет. Жума күнү ѳрт 1,5 млн гектар жерди жалмап салды. Бул токойлор Сибирдин Ыраакы чыгышына таандык. Новосибрск түтүндѳн тумчугуп бара жатат.

 Новосибирск гидрометцентрдин маалымат катчысы Ренад Ягудин: «Аба кургак болгондуктан түтүн кетпей жатат,экинчиден шамал жок», — деп түшүндүрдү.

Ал эми Роспотребнадзор абада адага зыян келтирген заттар нормага ылайы ,оорканада бейтаптардын абалы жакшы деп билдирет. Бирок жергиликтүү тургундар дем ала албай тумчугуп жатышкандарын баса белгилешет.

Росселхоз токойдогу ѳрттү токтотуу үчүн атайын кошумча техника бѳлүнгѳнүн тастыктап келет.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз