Орусиянын Камчатка аралынын жээгинде катуу жер титирөө болуп, анын натыйжасында цунами коркунучу пайда болду. Тынч океандын түндүгүндөгү Калифорнияга чейинки бардык жээк аймактарында бийиктиги үч метрге жеткен толкундар тууралуу эскертүүлөр берилди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. Камчатканын саламаттыкты сактоо министри Олег Мельников жер титирөөдөн бир нече адам жабыркаганын билдирди.
Орусиянын Илимдер академиясынын геофизикалык кызматынын Камчатка бөлүмүнүн маалыматы боюнча, күчү 8,7 баллга жеткен жер титирөө Петропавловск-Камчатскийден болжол менен 150 км алыстыкта болуп, жер титирөөнүн очогу 17 км тереңдикте болгон.
Сейсмологдордун айтымында, бул Курил аралдары менен Камчаткадагы 1952-жылдагы жер титирөө менен цунамиден берки эң күчтүү жер титирөө.
