Ош шаарындагы «Келечек» базарынын көчүрүлүшүнө каршы соодагерлер менен 30-июлда мэр Жеңишбек Токторбаев жолукту. Анда бул соода жайы 31-июлдан тартып көчүрүлөрүн дагы белгиледи. Бул базардын айынан тыгын жаралып жатканын айтып, 400 соодагерге жаңы муниципалдык базардан бекер жай берип жатканын кошумчалады.
Токторбаев ошондой эле бул базарда иштегендерге буга чейин бир канча вариант сунуштаганын, бирок соодагерлер ага макул болбогонуна токтолду. Мэр чогулгандар анын сөзүнө ынабай, «көчпөйбүз» деп кыйкырганына карабай «Келечек» базары 31-июлдан тартып сөзсүз көчүрүлөрүн айтып кетип калды.
Буга чейин бул базарда соода кылгандар көчүрүүгө нааразы болуп бир нече ирет акция өткөргөн.
