Суббота, 6 июня

Күн ысыйбы же муздайбы? Аба-ырайы

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-август күнү республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын

күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көл облусунда +21…+26, Нарын облусунда +23…+28 градус, ал эми Бишкек шаарында +28…+30, Ош шаарында +31…+33, Чолпон-Ата шаарында +23…+25 градуска көтөрүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз